Ата-энелер үчүн маалымат

www.mektep.edu.gov.kg

Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр үчүн
мектепке балдарды кабыл алууга арыз берүүнүн нускамасы

КАНТИП КОЛДОНУУ КЕРЕК?
Колдонуу үчүн, төмөнкү маалыматты толтуруңуз:
01. Балага ким экениңизди көрсөтүңүз?
 Ата;
 Эне;
 Мыйзамдуу өкүл (бул пунктту тандагандан кийин тиешелүү
документти тиркөө керек)
02. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалымат:
 Жарандык;
 Жеке идентификациялык номери (ПИН), аты-жөнү, паспорттук
маалыматтары (сериясы, номери);
Паспорттун алдыңкы бети Паспорттун арткы бети
 Уюлдук телефондун номери;
 Электрондук почта;
 Кошумча электрондук почта (Электрондук почталар логин,
паролду калыбына келтирүү үчүн колдонулат);
 Telegram номерин туташтыруу (логин, паролду калыбына
келтирүүнүн альтернативалуу варианты);
 Жеңилдик (льгота) Бар/Жок.
03. Бала тууралуу маалымат:
 Жеке идентификациялык номери (ПИН), толук аты-жөнү,
туулган жылы, баланын жынысы;
 Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери;
 Билим алуу үчүн балдарга жеңилдик (льгота) бар/жок.
04. Мектепти тандоо:
 Окутуунун тили;
 Тиешелүү мектеп, жарандын базадагы каттоо дареги менен
автоматтык түрдө көрсөтүлөт.
05. Толтурулган форманы жөнөтүү алдында маалыматты карап чыгуу:
 Өтүнмөнү берүүдөн мурун арызда толтурулган
маалыматтардын тууралыгын текшерүү зарыл.
 Арызыңызды ырастагандан кийин, сиздин электрондук
почтаңызга жана Telegram номериңизге мектепке кирүү үчүн
ийгиликтүү арыз жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.